Ошто төрөлгөн Жамала Украинада "Евровидение-2016" сынагынын тандоо турунун финалына чыкты

Ошто төрөлгөн Жамала Украинада "Евровидение-2016" сынагынын тандоо турунун финалына чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Тандоо туруна катышкандардын арасында Жамала алдынкы орундарда турган. Жамала сталиндик режим менен ата-бабаларынын Борбор Азияга депортацияланганы тууралуу "1944" ыры менен чыккан. Ал SMS добуштарды көп алып, калыстардын да жогорку бааларына ээ болду. Тандоо турунун финалы 21-февралда өтмөкчү.

Жамала Кыргыз Республикасынын Ош шаарында 1983-жылы 27-августта төрөлгөн, анын чыныгы ысымы Сусана Жамаладинова. Буга чейин 2011-жылы да "Евровидениенин" тандоо туруна "Smile" ыры менен катышкан, бирок анда Мика Ньютон жеңип кеткен.

Евровидение-2016 тандоо туру. Жамала - 1944
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nota89
2016-02-12 13:25:12
Талантын таша берсин!Баракелде Жамала!!
0
dubai
2016-02-12 14:14:45
Сталиндик режим болбосо Ошто торолбойт элем деп ырдаптыр да) неси болсо да ийгилик.
+1
operaledi
2016-02-12 14:29:57
Бул ыр менен майда шагылдарды Россиянын огородуна ыргыткан окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан