Анкарада улуттар аралык көргөзмөдө кыргыздардын кийизден жасалган буюмдары түрк элинин көңүлүн бурууда

4-февралдан бери Түркиянын көптөгөн аймактарын жана 15ке жакын өлкөнүн маданиятын тааныткан колго жасалган буюмдардын жарманкеси болуп жатат. Бул тууралуу жарманкенин катышуучусу Адилет Абишов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, жарманке 14-Февраль - Сүйүшкөндөрдүн күнүнө карата "REM Fuar & Organizasyon" уюму тарабынан уюштурулган. Буга чейин да Жаңы жылга карата буюмдар, январь айында китеп жарманкеси болуп өткөн.
"Бул жарманкеде кыргыздардын колго жасалган буюмдарын тартуулаган бир стенд ачылган. Ал жердеги кийизден жасалган буюмдар түрк элинин көңүлүн бурууда. Өзгөчө кышкы тумактарга болгон талап абдан жогору болуп жатат",- дейт Абишов.
Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында фотосынак уюштурулган. Жарманкенин акыркы күнүндө эң оригиналдуу 2 сүрөткө белек берилет: 1-орунга бриллиант ташы бар шакек жана 2-орунга IPad mini планшет. Адилет Абишов бул сынакта жеңишке ээ болууга үмүтү чоң экенин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан