Ырчы Назминин “Падышам” аттуу чыгармасына тартылган клиптин бет ачар аземинде сюрприз болду (фоторепортаж)

Бүгүн, 12-февралда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде ырчы Назминин “Падышам” аттуу клибинин бет ачар аземи өткөрүлдү. Аземге маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жана кыргыз шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ырчылар Жаныш Момунов жубайы менен, Нуриза Абазова, Динара Акулова, Роза Шакирова, Айнура Салахидинова, Азиза, Съездбек Искеналиев жана башкалар келип, куттуктоолорун айтышты.

Клиптин бет ачар аземине келген министр Алтынбек Максүтов төмөнкүлөрдү айтып өттү:
"Чыгармачылык жолумда 40ка жакын клип тарттым, алардын бири Назминики. Балким, ушул тапта министр болбогонумда, бүгүнкү клип да мага таандык болмок".

"Клипте аял кишинин көмүскөдөгү, башкача айтканда, жүрөгүнүн түпкүрүндөгү эркек кишинин идеалдуу образы берилди. Ар бир аялдын өзүнүн идеалы бар болгондуктан, клипте эркек киши так көрсөтүлгөн жок",- дейт ырчы.

Клиптин бет ачарында кечеге келгендер үчүн дагы бир жагымдуу сюрприз болду. "Падышам" клибинен кийин ырчынын "Апакебай" деген ырынын клиби алгачкы жолу конокторго көрсөтүлдү.

"Бул клипти бүгүн көрсөтүүгө буйрук болуп калды, аны өзүм да бүгүн эле алдым. Клипке өзүмдүн апаларым да тартылды, бул ыр аларга арналат",- дейт Назми.

Падышам
Апакебай
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Beknam-KG
2016-02-12 15:32:11
Кутобуз))
+1
beben
2016-02-12 16:45:37
Жакшы кутобуз.
0
Supara
2016-02-12 17:29:35
Ужас
0
Fatimka
2016-02-12 18:21:52
Аябай жакты. Ийгилик!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан