Учурда Нооруз майрамына карата өлкөдө сүмөлөк бышыруу жөрөлгөсү башталган кез. Бишкек шаарында да бул даамды даярдоо иштери кызуу уланууда. Шаар тургуну Айчүрөк Толгонбай кызы мындай дейт: “Сүмөлөк жасап баштаганыбызга 3 саат болду, 21-март күнү эртең менен саат 06:00дө ачабыз. Андан соң борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы элдерге таратабыз”.
Айта кетсек, сүмөлөк кыргыздардын эң байыркы салттуу тамактарына кирет. Бул тамакты ата-бабаларыбыз Нооруз майрамында, эски жыл менен жаңы жыл тогошкон күнү жаңы жылдык тамак-аш катары жасашкан.