Кыргыз кинорежиссёру, сценарист жана акын Дальмира Тилепбергенова Азия тасмаларын өнүктүрүү тармагынын (NETPAC) мүчөсү болду. Бул тууралуу "Айтыш" киностудиясынын басма сөз кызматы маалымдады.
NETPAC - Азия тасмаларын өнүктүрүү тармагы, 1990-жылы негизделген. Ал тармакка 30дан ашуун өлкө кирип, негизги максаты - Азия боюнча киноиндустриядагы таланттарды таап, аларды алдыга чыгаруу. NETPAC - тасма сынчыларын, кинематографисттерин, кинофестивалдардын уюштуруучуларын, тасма көрсөтүүчүлөрүн бириктирген дүйнөлүк мекеме. Ишмердүүлүгүнүн 25 жыл аралыгында Азия аймагындагы тасмаларды өнүктүрүү боюнча көптөгөн иштерди аткарган.
Эске салсак, Дальмира Тилепбергенова Орусия Федерациясынын Кинорежиссёрлор гильдиясынын жана Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер жазуучуларынын бирикмесинин да мүчөсү. Анын дебюттук толук метраждуу "Асман алдында" тасмасы эл аралык кинофестивалдарда ийгилик жаратып, ардактуу сыйлыктарга ээ болуп жатат.