Ош мэриясынын алдында аял эсин жоготуп кулап, "Тез жардам" кызматы жакын жерде жайгашканына карабай 15 мүнөттө араң келди. Бул тууралуу окурман 12-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурмандын айтымында, аялдын ким экени белгисиз. "Суроо беришсе сүйлөй албады. Алгачкы жардам көрсөтүлүп, ооруканага алып кетишти",- дейт кабардын автору.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.