Бишкекте биринчи жолу “Гүл-гүл эже” аттуу мюзикл тартууланып жатат (фото)

Бүгүн, 12-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда биринчи жолу “Гүл-гүл эже” аттуу мюзикл коюлуп жатат. Ага ырчылар Аскат Мусабеков, Назми, Гүлжигит Калыков, Курал Чокоев, Гүлнара Кахарова, Сайра Момунбаева, Толгонай Арзыкеева, Кенже Көбөкова, Адилет Азимов, Ильяс Андаш, Минюра Рахимжанова, Элзар Сыдыков жана “Назик” бийчилер тобу катышууда. Мюзиклдин башкы кармааны Гүл-гүл эженин ролун ырчы Назми аткарып жатат.

Мюзиклдин режиссёру Ырыс Окенова: “Мюзикл татаал жанр. Негизи, кыргыз жергесинде биринчи жолу коюлуп жатат. Бул техникалык жактан кыйын жана адбан көп чыгымды талап кылат. Биз алгачкы карлыгач болуп жатабыз десем жаңылышпайм”,- деди.

Бишкекте "Гүл-гүл эже" аттуу алгачкы мюзикл коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altyn91k
2016-02-12 21:27:36
аа жакшы жанылык, маданиятыбыз алга жылаберсин
+1
Мэри
2016-02-15 23:40:56
Ырыс Окенова жаңылып калган окшойт, буга чейин Жамал Сейдакматова "Махабат жылдызы" деген мюзикл койгон, "Туңгуч" театры менен, ал кандай болуп калат, же эсептелбейби... "Ак шооланыкы" да бар болуш керек эле, жаңылбасам...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан