Бүгүн, 12-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда биринчи жолу “Гүл-гүл эже” аттуу мюзикл коюлду. Ал жазуучу Венера Күлүкбаеванын чыгармасынын негизинде даярдалган. Ал эми музыкасы Азат Дөөткуловго таандык. Мюзиклге ырчылар Аскат Мусабеков, Назми, Гүлжигит Калыков, Курал Чокоев, Гүлнара Кахарова, Сайра Момунбаева, Толгонай Арзыкеева, Кенже Көбөкова, Адилет Азимов, Ильяс Андаш, Минюра Рахимжанова, Элзар Сыдыков жана “Назик” бийчилер тобу катышты.
Чыгармада башкы каарман болгон Гүл-гүл эженин сулуу жана жан дүйнөсү таза экендиги көрсөтүлгөн. Аны көрө албаган аялдар көп болот. Алар аны жамандап, ушак айтып, басынтууга аракет жасашат. Ал эми мырзалар ак куудай болуп турган айымды жакшы көрүп, назиктигине суктанып ыр арнашат.
Уюштуруучулар: "Көрүүчү тигил же бул чыгарманы 3 мүнөт укса да, музыканын образына кирип, музыканын тилин ушул сахнадан көрүп, түшүнүп, жан дүйнөсү менен кабыл алышын каалайбыз. Сахнада сапаттуу жана кызыктуу концерттер болсун деп баштап жатабыз. Бул жанрды элге тартуулоо менен өзүбүздө жана сахнада маданий өсүш болот",- дешти.
Мюзикл жанры кыргыз жергесинде биринчи жолу коюлуп жаткандыктан, келген эл чыгарманы жакшы кабыл алышты. Соңунда эл жалпы кол чаап, ыраазы болушту.