Бишкектин Медеров жана Бектенов көчөлөрүнүн кесилишинде жол жээгиндеги көп жылдык арчаларды кыйып жатышат. Муну окурман 12-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Түшкө маал 7-8 арчаны кыйып жүктөп кетишти. "Тазалыкпы" же "Жашылдандыруубу" билбейм, арчанын тамырларынан бери казып жатышат. Кайсы бир көпөстүн үйү же бизнеси үчүн аталарыбыз 60 жыл мурун тиккен Бишкектин көркүн ачкан дарактарды кыя берсе боло береби?"- деп суроо койду окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.