Экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Санжар Бакиев бүгүн, 20-мартта эркиндикке чыкмак, бирок 15-мартта ага карата амнистияны алып таштоо тууралуу Башкы прокуратуранын токтому чыгып, камактан бошотулбай калды. Белгилей кетсек, Санжар Бакиев 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы массалык баш аламандыкты уюштургандыгы, ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөндүгү жана окуя учурунда бийликтин өкүлдөрүнө кол көтөргөндүгү үчүн күнөөлүү деп табылган. Ал 2010-жылдын 2-ноябрында Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган. 2011-жылдын 1-февралында Чүй облустук сотунун чечими менен Жалал-Абад шаардык сотунун чечими өзгөртүлүп, ага 50 миӊ сом айып пул төлөө жазасы бекитилген. Андан соӊ Жогорку Соттун токтому менен 2012-жылдын 21-декабрында Жалал-Абад жана Чүй облустук сотторунун чечимдерине кайрадан өзгөртүү киргизилген. Натыйжада С.Бакиев 5 жылга эркинен ажыратылып, 75 миӊ сом өлчөмүндө айып пул төлөө токтому чыккан. “КРнын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу амнистия жөнүндө” мыйзамынын негизинде С.Бакиевдин жаза өтөө мөөнөтү 2011-жылдын 19-июлунан тартып 1 жыл 7 айга кыскартылган. Натыйжада анын камактагы мөөнөтү 2013-жылдын 20-мартында аякташы керек болчу.