"Тамашоу" Лигасынын Кышкы фестивалында "Ассорти - Универсал" командасы "Мыкты команда" аталды, ырчы Кайрат Примбердиев өзүн "тамашоучу" катары сынады (фоторепортаж)

13-февралда Бишкекте "Тамашоу" Лигасынын 8-сезонунун алкагында Кышкы фестиваль болду. Оюнга Казакстандын КВН Лигасынан келген "Политех" командасы, Орусияда жүргөн мекендештерибизден түзүлгөн "Сары-Челек" командасы жана жергиликтүү "Кыргыз двор - Бруклин", "Ошингтон", "МК Шоу", "Ала-Тоо", "Ацтек", "Рота", "Талас","Босфорт", "Нур", "Нэйшнал", "Кыргыз Style", "Ассорти-Универсал", "Мисс Шоу", НКБ, "Позитифф" сыяктуу командалар катышты.

Кышкы фестивалга командалар жакшы даярдыкта келгени байкалып турду. Алар саясатка, күнүмдүк турмушка, шоу-бизнеске, Сүйүшкөндөр күнүнө жана башка темаларга байланышкан тамашаларды көрсөтүп беришти. Өзгөчө "Ассорти" жана "Универсал" командаларынын бириккени оюнчуларга жакшы жыйынтык бергендей болду. Алар Ош шаары менен Бишкек шаарынын ортосундагы айырмачылыктарды күлкүгө салып, тамаша аркылуу көрсөтүп бергенге аракет кылышты.

Бул күнү белгилүү эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев калыстар тобунда отуруп, "тамашоучулар" менен элге күлкү тартуулаганга жетишти. Оюндар бүткөндө эл Рысбек Жабировдун демилгеси менен ордуларынан туруп, кыргыз желегин чет жерде желбиреткен ырчыга кол чабышты.

Жыйынтыгында калыстар тобу кеңешип, жеңүүчүлөрдү аныкташты. Анда "Мыкты тамаша", "Мыкты оюнчу", "Мыкты команда" наамдары боюнча жеңүүчүлөр белгилүү болду.

"Мыкты оюнчу" наамын "Талас" командасынын өкүлү Манас жана "Политех" командасынын өкүлү Дархан жеӊип алышты. Ал эми "Мыкты тамаша" наамына "Нур" командасынын "Мээрим" тамашасы, "Ошингтон" командасынын "Бут кийимдер" тамашасы арзыды. "Мыкты команда" наамын "Ассорти - Универсал" командасы жеңип алды.

Бул күнү катталган күлкүлүү тамашалардын айрымдарын назарыңыздарга коёбуз:

* Жигит сүйгөн кызына келсе, ал иниси менен чыгып калат. Анда жигит:
- Мен сага шоколад алып келдим, эжең 5 мүнөттөн кийин кирет.
Жаш бала кетип калат да, кайра келет:
- 5 мүнөт өттү, убакытты узартасызбы? ("Политех" командасы)

* Кыз менен жигиттин маегинен:
Кыз: - Менин душам сулуу...
Жигит: - Душаң менен бетиңди алмаштырып койсо болобу? ("Ассорти - "Универсал" командасы)

* Орусиядагы мигранттар менен аскерлер окшош. Баары бир чоң бөлмөдө тыгылып жатышат. Биз болгону баарыбыз батышыбыз үчүн кырыбыздан жатабыз... ("Сары-Челек" командасы)

* - Мээрим, Мээрим, Мээрим,
Бажы союзу деген эмне?
- Өлкө башчылары ойноп жүргөн шерине... ("Нур" командасы)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
adidas.
2016-02-14 01:50:07
Жакшы жакшы.Баарынан да микрофон кармаган очкичен кыз фотогеничная экен)))
+3
Maks_shop
2016-02-14 04:00:46
adidas.,ал деген биздин супер эжешкабызда
+1
Эльвира Караева
2016-02-16 08:56:31
adidas.,"Казандагы чөмүчкө чыгат" :)
-1
Umar080814
2016-02-14 01:52:38
Баардык командаларга ийгилик азаматтар
+2
Maks_shop
2016-02-14 04:01:03
Универсал алга
+4
Beki055
2016-02-14 10:48:31
Тамашоу азыркы кезде мыкты денгелде отуп жатат
Уюштуручуларга рахмат

Бирок бир жери калыстар тобунда онорго тиешеси жок адамдарды чакырасынар да

Эмне учун кудулдарды чакырбайсынар
Тамашоучулардын онорлоруно ошолор баа бериши керек

Жаш ырчыларды отургузуп алгансынар

Улуу мундагылардан да чакыргыла да

Калыстарда ачыгын айтканда калыстык жокта
+8
isnur93
2016-02-14 15:40:35
Beki055,огуну Аяна Касымованы чакырганы магада жаккан эмес.Ал озу жаш болсо,менин оюмча копту коргон адамдар жакшы,туура калыс болсо керек деп ойлойм.
+2
bayas.07
2016-02-14 12:41:44
Куудулдарды койсо болушу мүмкүн, Тынар Абылдаларды . А улуу муундагы кишилерге жага бербесе керек бул тамашалар
+2
secretik
2016-02-14 12:43:47
Калыстар тобу жакбайт. Алмаштырып турсанар болмок куудулдар тобунан алып келип.Тамашоу алга ийгилик каалайм тамашоучуларга онугуп осо бергиле!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан