Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жаш кыргыз ырчысы Данияр Эрматовдун Махабат майрамына карата концерти өтүп жатат. Ырчы концертин жаңы "Сүйдүрүп алам" аттуу ырынын бет ачары менен баштап, арзышкандарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
Кече ээсин сахнада бийчилер коштоп, концерттин көркүн ачышууда. Көрүүчүлөрдү куттуктап ырчылар Айпери Кубик кызы, Асел Кадырбекова, жаңы чыгып келе жаткан ырчы Байэл ырдап, каалоо-тилектерин айтып жатышат. Ошондой эле Казакстандан келген ырчы Бакытжан жана "Альтаир" дуэти өнөрлөрүн тартуулашты.
Концерттин алып баруучусу Бакыт Осмонканов көрүүчүлөрдү тамашага салып, кечени шаңга бөлөөдө.