Сюрприздерге бай Данияр Эрматовдун концерти шаңдуу маанай менен аяктады

14-февралда Бишкек шаарында Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жаштардын, өзгөчө кыздардын сүймөнчүгү болгон ырчы Данияр Эрматовдун Махабат майрамына карата сюрприздерге бай болгон эки бөлүктөн турган концерти аяктады.

Концертке келген көрүүчүлөрдүн саны арбын болуп, Спорт Ордосунун 80 пайызынан ашууну толду. Келгендердин басымдуу бөлүгү жаштар болушту. Кече ээси өз күйөрмандарына репертуарындагы ырларын тартуулады. Ошондой эле концертте Айпери Кубик кызы, Байэл, Асел Кадырбекова, Клара Алибекова, Нурмат Садыров, Дайыр Исмадияров, Айдана Дека, Алмаз Шаадаев, Чыңгыз Турдубеков жана кеченин башкы сюрпризи болгон казакстандык рэпер MC Сайлаубек катышты.
Көрүүчүлөр үчүн алгачкы сюрприз катары Нурмат Садыровдун боло турган концертине билеттер ойнотулду. Андан тышкары алып баруучу Бакыт Осмонканов көрүүчүлөрдү тамашага салып, аларды зериктирбей, "Моника Беллуччи" "Тамашоу" командасынын оюнчулары менен залды күлкүгө бөлөдү. Ал эми казакстандык рэпер MC Сайлаубек өзүнүн хит болгон "Follow me" жана "Beaze" аттуу ырларын аткарды. Кээ бир көрүүчүлөр кошо ырдашса, орто курактагылар таң калып отурушту.

Кеченин экинчи бөлүгүн Данияр Эрматов музыканттардын коштоосунда жандуу үн менен баштады. Алгач "Кечир мени" ырын тартуулап, көрүүчүлөрдү концерттин нугуна кайтарды. Анын жандуу үн менен ырдаганын уккан күйөрмандары аны коштоп отурушту. Концерттин бул бөлүгүндө ырчы бир кезде хит болгон Артык Саитов менен Сапар Эркебаевдин аткаруусундагы "Атага кат" аттуу ырды ырдап, көрүүчүлөрдүн арасында отурган атасын барып кучактап, элге тааныштырды. Андан соң сахнага Чыңгыз Турдубековду чакырып, анын гитарасынын коштоосунда кыргыз элине сиңип калган Рыспай Абдыкадыровдун "Издейм сени", Асанкалый Керимбаевдин "Сендей мага" аттуу ырларын аткарып, күйөрмандардын купулуна толо алды. Өзүнүн жеке концертин ырчы "Бийлейли ча-ча" ыры менен бийчилердин коштоосунда бүтүрдү.

Данияр Эрматов сүйүшкөндөргө концерт берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
luna28
2016-02-15 08:01:33
Айдана Дека дагы кулактары менен чыгыптыр го....
+5
marmilantka
2016-02-15 08:14:31
Сонун болуптур
0
Minka
2016-02-15 09:06:15
soz jook soonun boluptur iiigilik sizgeee
+1
burulai94
2016-02-15 09:10:51
концерт аябай сонун болду азаматсын Данияр
0
Farm94
2016-02-15 10:18:16
Ашар концерт болуптур анча мынча ырчылар бир жылда бир ыр жаздырып коюп жылда концерт беришет
0
koionik
2016-02-15 19:38:12
Farm94,туура айтасыз.
0
Farm94
2016-02-15 10:19:29
М сайлаубеке эмне бар
+1
malikam
2016-02-21 20:45:51
Farm94,чакырса келсе керек да
0
Kyke08
2016-02-15 11:08:07
жакшы жакшы)))))
+1
bazul-ata20
2016-02-15 15:38:26
жакшы болуптур.азаматсын
+2
bazul-ata20
2016-02-15 15:39:12
жакшы жакшы
+2
malikam
2016-02-21 20:42:32
жонокойлугу мн жагат
0
malikam
2016-02-21 20:46:22
супер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан