17-февралда өлкөнүн айрым аймактарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -12°C
Талас облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -10°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +6°C, түнкүсүн -7°C
Баткен облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -8°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -10°C
Нарын облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -23°C
Бишкек шаары. Күндүз +3°C, түнкүсүн -6°C