Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан кылымдардан келе жаткан Нооруз – жаңы күн – жаңы жыл майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Нооруз – жакшы тилек, илгери үмүт, жаркын маанай майрамы. Өлкөнүн турмушунда көптөгөн саамалыктар жаралып, Кыргызстан коомдук-саясий өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлгөнү турат. Биз бүгүн жаңы заман башатында турабыз, өзүбүздүн бакубат келечегибизди түптөп жатабыз. Быйыл Иштерман жылы катары жарыяланды. Эмгек-адамзат өмүрүнүн өзөгүн түзүп, бакубат турмуш башаты болуп саналат. Теңирдин ушул улуу күнүндө бири-бирибизге күйүмдүү, түтүмдүү бололу. Журтубузга ынтымак менен ырашкерлик айтсын.Биз бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, телегейи тегиз өнүккөн мамлекеттердин көчүнө кошула турганыбызга терең ишенем. Келечегибиз кең, баарыбызга тең болсун.Эски жыл менен жаңы жыл тогошуп, күн менен түн теңелип турган Нооруз майрамында баарыңыздарга чың ден соолук, бардар турмуш, бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан