Ырчы Бек Исраиловдун “Карындашым” аттуу ырынын клиби жарык көрдү. Ырдын сөзү Байдылда Сарногоев, обону Түгөлбай Казаковго таандык. “Бул ырды мурда “Бар болгун, бажырайган карындашым” деп ырдап жүрүшчү. Биз аны жаштарга ылайыктуу болсун деп “Карындашым” деп өзгөрттүк. Клиптин cюжети тууралуу айтсак, анда сүрөтчү болуп иштеп жүргөн Бектин бир сулуу кызга ашык болуп калгандыгы баяндалат”,- деди ырчынын продюсери Канат Култаев.