Бүгүн, 21-мартта Баткен облусунун борборунда Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасы башталып жатат. Учурда улуттук буюмдардын жана тамак-аш жарманкеси көрүүчүлөргө тартууланууда. Анда айыл тургундары жана мекеме, ишканалардын өкүлдөрү даярдаган даамдар менен буюмдар коюлган. Алардын мыктыларын атайын түзүлгөн комиссия аныктамакчы.