Бүгүн, 21-мартта Нарын шаарындагы борбордук аянтта Нооруз майрамы белгиленүүдө. Салтанат Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, облус башчысы Канатбек Муратбеков жана шаар мэри Баатырбек Жээналиевдин куттуктоо сөздөрү менен ачылды. Андан соң аластоо ырымы жасалып, театралдаштырылган оюн-зоок программасынын алкагында майрамдын катышуучуларына сүмөлөк таратылды. Майрамдык салтанат чоң программадагы концерт менен уланууда. Муну менен катар, улуттук тамак-аш жарманкеси уюштурулду. Ал эми шаардагы “Ала-Тоо” стадионунда спорттук оюндар өтүп жатат.