Жылнаама, 19-февраль: Мындан 54 жыл мурун ички иштер министри Мелис Турганбаев туулган

* Мындан 54 жыл мурун, 1962-жылы ички иштер министри Мелис Турганбаев Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинен экономист адистигине ээ болгон, 1986-жылы Ленинград шаарында СССРдин ИИМинин жогорку курсун бүтүргөн.
Мелис Турганбаев эмгек жолун 1986-жылы Кыргыз ССРинин ИИМинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперативдик кызматкери болуп баштаган. Ал эми 2014-жылдын 17-сентябрында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Мелис Турганбаев ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалса, ошол эле жылдын 1-октябрында Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Мелис Турганбаевди ички иштер министри кызматына шайлашкан.

* Мындан 76 жыл мурун, 1940-жылы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов Ашхабадда төрөлгөн.
1985-жылы Түркмөн ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы кызматына дайындалып, 1992-жылы эгемен Түркмөнстандын биринчи президенти болуп шайланган. 1994-жылы жалпы элдик референдум менен Ниязовдун президенттик ыйгарым укуктары 2002-жылга чейин узартылат. 1999-жылы Түркмөнстандын Элдик Кеңеши (парламент) Ниязовдун өмүр бою президент болушуна токтом кабыл алган. Бирок түркмөнбашы 2006-жылдын 21-декабрында жүрөгү токтоп, дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

* Мындан 37 жыл мурун, 1979-жылы орусиялык ырчы Витас Латвияда төрөлгөн. Өз аты-жөнү - Виталий Грацев. 7 жашында Одессага көчүп кетишкен. Витас орус эстрадасына 1999-2000-жылдары келип, дароо эле өз күйөрмандарынын тобун тапканга жетишкен. Башка ырчылардай болуп басма сөзгө интервью бергенди жактырчу эмес, себеби "Өзүң ырдайсыңбы же чын эле экинчи үн жасатып, моюнуңа бир нерсе тиктирип алдың беле? Эмне үчүн аялдар сыяктуу ырдайсың?" деген суроолор анын ички дүйнөсүнө жана карьерасына терс таасирин тийгизет деп эсептеген.

* Мындан 13 жыл мурун, 2003-жылы австриялык хирургдар алгачкы жолу адамдын эки колун тең удаа алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасашкан. Франц Ямниг аттуу 41 жаштагы адам эки жарым жыл мурун жол кырсыгына кабылып, эки колунан айрылып калган. Инсбрук университетинин клиникасында 14 саатка созулган операция 25 эксперттин жана төрт хирургиялык бригаданын катышуусунда жасалган. Алар Франц Ямнигге каза болгон башка адамдын эки колун салышкан.

19-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
isko-nookat
2016-02-19 08:37:52
былтыр мелис турганбаев туулган кунун майрамдаса.А.АНАПИЯЕВ ушул кундору киши колдуу болуп олтурулгон.аэрапорттогу окуялар,мунун баары совпадание эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан