23-29-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында “Мааракени майрамдайбыз” аттуу республикалык фестиваль башталат. Маалым болгондой, иш-чарага Кыргызстандагы театр жана орто мектептердин окуучулары катышып, аларга 20дан ашык драмалык жана 6 куурчак спектаклдери тартууланат. Көрүүчүлөргө сахна чыгармалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде коюлмакчы. Фестиваль саат 13:00дө башталат.