Жылнаама, 25-февраль: Мындан 27 жыл мурун казак ырчысы Кайрат Нуртас туулган

* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы Жогорку Кеңеш кабыл алган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашууга президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Келишимге ылайык, Нарын дарыясына 8 ГЭС курулуп, алардын курулушуна сарпталчу чыгымды Орусия өзү тапмак. ГЭСтин 50 пайыз үлүшүнө Кыргыз Республикасы, 50 пайызына Орусия ээлик кылып, ГЭС өзүн актаганга чейин Кыргыз Республикасы өз үлүшүнүн 25 пайызын орус тараптын башкаруусуна берип турмакчы болгон.

* Мындан 96 жыл мурун, 1920-жылы Мун сектасынын негиз­дөөчүсү Мун Сан Мён Түштүк Кореяда туулган. Мун Сан Мён дүйнөгө миллиардер, медиамагнат жана диний ишмер катары белгилүү болгон. Ал буга чейин коомдук коопсуздукту бузуу, сексуалдык, салыкты жашыруу сыяктуу кылмыштар менен бир нече жолу түрмөгө отуруп чыккан. Мун Сан Мён "Вашингтон Таймс", "Ньюс Уорлд Коммуникэйшнс", "Юнайтед Пресс Интернэйшнл" сыяктуу медиа дөө-шааларынын ээси болуп, бир катар курал-жарак, курулуш компанияларын жетектеген. Бүткүл диндерди бириктирүүнү көздөгөн Биригүү чиркөөсүн (Церковь Объединения) 1954-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында негиздеген. Аталган уюм дүйнөдөгү эң бай, ошол эле учурда эң чуулгандуу диний кыймыл катары абдан белгилүү.
Мун Сан Мён 2012-жылы 3-сентябрда 92 жашында көз жумган.

* Мындан 27 жыл мурун, 1989-жылы казак ырчысы Кайрат Нуртас Казакстандын Чымкент облусундагы Түркстан шаарында туулган. Биринчи жолу сахнага 10 жашында Байкоңурда чыккан. Биринчи жеке концертин 2008-жылы Алматы шаарында берген. Ал Шамши Калдаяков, Асет Бейсеуов, Ержан Серикбаевдин ырларын аткарып, кээ бир ырларын өзү жараткан. Ырчынын продюсери жана демөөрчүсү да апасы Гүлзира Айдарбекова болгон.

* Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы советтик жана орусиялык актёр, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Владислав Галкин 38 жаш курагында Москва шаарындагы батиринде каза болгон.
Актёр 1971-жылы 25-декабрда Москва шаарында туулган. Ал элдин сүйүктүү фильмине айланган "Узак жолдогу айдоочулар", "Диверсант", "72 метр" аттуу тасмаларда башкы ролдорду жараткан.

25-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jankoy
2016-02-24 23:06:50
Кайрат Нуртас экообуз бир кундо торолуптурбуз,Туулган куну мн куттуктап баардык жакшылыктарды,чыгармачылык ийгилик каалайм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан