* Мындан 55 жыл мурун, 1961-жылы кыргыз кинорежиссёру, сценарист, продюсер Эрнест Абдыжапаров Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. 1983-жылы Фрунзедеги Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун аяктап, мугалим болуп эмгектенген. 1988-жылы "Көрөгөч" киножурналынын директорунун ордун ээлеген. 1992-жылдан тарта "Кыргызфильм" киностудиясынын редактору болгон, кийинки жылы жаштардын "Умай" чыгармачылык фондун жетектеп баштаган. Ал эми 1999-жылы өзүнүн студиясын ачкан. 1999-жылдан 2001-жылга чейин Кыргыз Республикасынын кинематографисттер бирикмесинин катчысы, 2001-жылдан 2002-жылга чейин "Кыргызфильм" киностудиясынын башкы редактору болуп эмгектенген. Ал "Боз салкын", "Уурунун махабаты", "Күкүк Шахра", "До+Фа", "Такси жана телефон" сыяктуу көптөгөн тасмаларды тарткан.
* Мындан 9 жыл мурун, 2007-жылы ЖКнын имаратынын тушунда Сабыржан Сабиров өзүн өзү өрттөп жиберген. Анын уулдары Абубакры жана Ибрагим Сабировдорго кылмыш иши козголуп, 2007-жылдын 24-апрелинде Ленин райондук соту чечим чыгарган. Ага ылайык, А.Сабировго Кылмыш кодексинин 104, 156-беренелери боюнча "адам өмүрүнө кол салды" деген айып тагылып , ал 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал эми кичүүсү И.Сабиров 7 жылга кесилген, бирок Кодекстин 63-беренесинде каралган мунапыска ылайык, алардын мөөнөтү шарттуу болсун деп өзгөртүлгөн. Жыйынтыгында соттун чечими менен Ибрагимовдор шарттуу түрдө 3 жылга кесилишкен. "Тергөөнүн жүрүшү жана соттун чечими акыйкат болгон жок" деп айыпталуучулардын атасы, 51 жаштагы Сабыржан Сабиров эски аянтта, ЖКнын имаратынын тушунда “Бийликке ишенбейм!” деп кыйкырган соң өзүн өзү өрттөп жиберген . Эки күн өтпөй, 1-мартта С.Сабиров көз жумган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы Дубай шаарында дүйнөдөгү эң бийик "JW Marriott Marquis" деп аталган мейманканалар комплексинин ачылыш аземи болуп өткөн. Анын бийиктиги 355 метрди түзүп, 82 кабаттан турган эки имараттан турган. Мейманканада 1600 бөлмө, 14 ресторан жайгашып, ресторандарда бир эле учурда 3 миңдей адам тамактанганга мүмкүн болгон. Ал жерде иштеген кызматкерлер дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн тандалып алынган.
* Мындан 1 жыл мурун, 2015-жылы орусиялык саясатчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Борис Немцов 55 жашында каза болгон. Ал саат 23:40та Москва шаарында Кремлге жакын Чоң Москворецк (Большой Москворецкий мост) көпүрөсүнөн Кичи Ордынка аймагындагы үйүн көздөй жөө өтүп бараткан жеринен белгисиз кишилер тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Маалыматка караганда, ак түстөгү автоунаа менен келген кишилер алты ирет ок атып, анын төртөө Б.Немцовго тийип, ал дароо жан берген.
27-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.