Бишкекте 21-март – Нооруз майрамы жогорку деңгээлде белгиленди. Борбордук “Ала-Тоо” аянтына чогулган эл абдан көп болду. Борбордук аянтка чогулган элге белгилүү ырчы, бийчилердин катышуусунда майрамдык концерт тартууланды. Ал эми эски аянтта спорттук оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар тапшырылды.