ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарында норкага окшош жаныбар жүрөт

Ош шаарынан окурман норкага окшош жаныбарды көрүп, бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"27-февраль күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарынын ортосунан агып өткөн Ак-Буура сайынын жээгинде жайгашкан базардын тушунан норка сымал жаныбарды көрүп калдым эле. Интернеттен норкалардын сүрөттөрүн издеп, окшоштугун байкадым. "Биздин шаарыбызга да норка келип калганбы же илгертен эле бар беле?" деген суроо оюмдан эч кетпей жатат. Эми бул жаныбарды бирөө-жарым кармап алса, терисинен кыздарга ичик жасап берет деген коркунуч бар",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Dadasdasd
2016-02-28 18:39:23
Колдо баккандардан качса керек. Аны багып иштегендер толтура.
+2
aydarov...
2016-02-28 19:27:18
Норкага окшош эмес эле норка бул. Норка башы баткан жерге батып кетет аны кармоо оной эмес тем более бул норка городской экен карматпайт эч кимге.
+3
boris8907
2016-02-28 20:10:42
Мындайлар бизде айылда толтура. Камыштуу жерде көп болот.
-3
Mars55
2016-02-28 20:47:56
мындай суусар эмксби
0
beka1207
2016-02-28 21:42:13
Эмнеси табышмак)))))бул норка болот,бироонун бакма норкасы качып кеткен))))болгону ошол.
+3
Arti
2016-02-28 22:20:14
Эртен да ошол жака барып сурот тартчы автор. Норканы издеп жургон адамдарды да королу.
+2
88inara88
2016-02-28 22:47:21
Норкага окшош эмес эле норка ушундай болотко.
+1
jibek.shami
2016-02-28 23:32:34
норкага окшош жаныбар журсо биз жакта текеге окшош жаныбар журоотт
+3
sup.mara
2016-02-28 23:57:48
Бул жаныбарды, капыстан эле коруп калдым, озу да ни то положениеде турат элем, дарактын устундо, кайда кеткенин корбой калдым, убакыт табылып калса созсуз барып кабар алып коем.
+2
Lumia-800
2016-02-29 00:19:10
Суур да ондатр да эмес. Норка эле.
+3
mishadjan
2016-02-29 09:45:43
суусар го.boris8907 сен туура айтасын.бул суусар.суунун жеектериндеги камыштуу жерлерде коп болот.бул норкадагы.андатр дагы.суур дагы эмес.бул суусар..
0
diaz
2016-02-29 10:57:43
Андадыр го бул Карача айылына келсенер Артурдун уйунун жанында толтура
0
nurkasym-2014
2016-02-29 11:09:34
Норка эле.Суур шаарды кантип аралап кетсин.суурдун чеенден чыкчу убагы боло элек го.
0
Karysh
2016-02-29 21:25:13
Бул Кундуз деген жаныбар тооктун канын жакшы сорот Акбуурадан көп эле көргөм.
0
Kroxa
2016-03-02 01:24:30
Жакын суроту жок эмне болду экен а ылдыйкы интернеттен алынганы норка экен а тиги табышмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан