Бишкектеги Өчпөс отко жаш жубайлар келип, ата-бабаларга, алардын эл үчүн жасаган иштерине таазим кылып, гүлчамбар коюу аземинен кийин таштандылардын калып калганына окурман нааразычылыгын билдирди. "Бир жагынан алсак, жакшы көрүнүш, бирок мындай жерге келип гүл менен бирге таштандыларды баш аламан таштап кетип жаткандары көңүл бурдурбай койбойт экен",- деп ал SUPER.KG порталына жазды.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.