"Тамашоу" Лигасынын 7-сезонунун чемпиону "Позитифф" командасы Казакстанда өткөн "Жайдарман" Лигасынын чейрек финалына биринчи орун менен өттү. Бул тууралуу "Позитифф" командасынын оюнчусу Мыктыбек Мукаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Сүйүнчү, достор! "Позитифф" командасы "Жайдарман" Лигасынын чейрек финалына биринчи орун менен өттү. Бардык бизди колдогон күйөрмандарыбызга өзгөчө ыраазычылык. Дагы баары алдыда",- деген Мукаев.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-январында 180 команданын ичинен 67си, анын ичинде аталган "Позитифф" командасы да тандоо турунан өтүп, Жогорку Лигага жолдомо алган.