Учурда Голливудда "Долби" театрында "Оскар" сыйлыгынын 88-сыйлык тапшыруу аземи өтүп жатат. Кеченин алып баруучусу болуп америкалык комик Крис Рок дайындалган.
11:00. "Көңүл борборунда" ("В центре внимания") тасмасы "Мыкты тасма" деп табылып, кече аягына чыкты.
10:55. "Тирүү калган" ("Выживший") тасмасында мыкты ролду жараткан Леонардо ди Каприого алгачкы "Оскар" сыйлыгын Жулианна Мур тапшырды. Леонардо ди Каприо өз кезегинде тасманы жараткан топко жана киноакадемияга ыраазычылык билдирди.
10:48. "Мыкты актриса" наамын "Бөлмө" тасмасындагы башкы ролду жараткан Бри Ларсон жеңип кетти.
10:39. "Мыкты режиссёр" номинациясынын жеңүүчүсү деп "Тирүү калган" ("Выживший") тасмасынын режиссёру Алехандро Гонсалес Иньярриту табылды.
10:27. Жеймс Бонд тууралуу "007: Спектр" тасмасына 24 саат ичинде жазылган трек мыкты деп табылды.
10:23. Эннио Морриконе "Жийиркеничтүү сегиздик" тасмасындагы саундтреги үчүн сыйлык алды.
10:14. "Мергенчилер аймагы" ("Охотничьи угодья") тасмасындагы "Til It Happens to You" аттуу ыры үчүн "Оскар" сыйлыгына талапкер Леди Гага ыр аткарууда.
"Бул ыр мен үчүн өзгөчө ыр. Зордуктоого кабылган аялдарга колдоо көрсөтө ала турганыбыз үчүн америкалык киноакадемияга ыраазычылык билдирем. Мен өзүм да мындай кырсыкка кабылганым үчүн аларды жакшы түшүнөм",- деген Леди Гага.
10:09. "Саулдун уулу" ("Сын Саула") венгриялык тасмасы "Мыкты чет элдик тасма" номинациясында сыйлыкты жеңип кетти.
9:57. "The Beatles Blackbird" ыры аткарылып, кино тармагындагы көзү өтүп кеткен белгилүү инсандарды эскерүү тасмасы тартууланууда.
9:43. Эми Уайнхаус тууралуу даректүү тасма "Оскар" сыйлыгына ээ болду.
9:40. "Кыска метраждуу даректүү тасма" номинациясында "Дарыядагы кыз" ("Девушка в реке") тасмасы жеңүүчү болуп аныкталды.
9:33. "Тыңчылар көпүрөсү" ("Шпионский мост") тасмасындагы Марк Райлэнс - "Экинчи пландагы мыкты актёр" номинациясынын жеңүүчүсү.
"Том Хэнкс менен иштешпесем, бул сыйлыкты албай калышым мүмкүн болчу",- дейт Марк Райлэнс.
9:30. "Экинчи пландагы мыкты актёр" номинациясынын жеңүүчүсү аныкталууда.
"Акылсыз Макс: Каардуу жол" ("Безумный Макс: Дорога ярости") тасмасы "Мыкты монтаж", "Мыкты үн", номинацияларында жеңди.
"Тирүү калган" ("Выживший") тасмасы азырынча бир гана оператордук жумушу үчүн "Оскар" сыйлыгына ээ болду.
"Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси үстүбүздөгү жылдын 14-январында жарыяланган. Эскерте кетсек, Алехандро Гонсалес Иньярритунун "Тирүү калган", Жорж Миллердин "Акылсыз Макс: Каардуу жол" жана Ридли Скоттун "Марс тургуну" тасмалары көптөгөн номинацияларда талапкер болушкан. "Мыкты актёр" сыйлыгына талапкерлердин тизмесинде Леонардо Ди Каприо, Мэтт Дэймон, Брайан Крэнстон, Эдди Редмэйн жана Майкл Фассбендер бар.