Ош менен Баткен облустарынын ортосундагы жалгыз көпүрө оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылып, тиешелүү иштер жүргүзүлбөй, ыңгайсыздык жаратууда. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG'ге кабарлады.
"Көпүрө 5-6 ай мурун жабылган бойдон эч ким оңдоп-түзөө иштерин жүргүзбөй жатат. Айланма жол салып берген, бирок ал өтө бийик салынган, оор жүк ташуучу унаалар чыга албай, унаасы бузулуп, Көк-Жардын борборуна чейин тыгын жаралып жатат. Көпүрөнү эртерээк бүтүрүп беришсе болмок. Тыгын жаралганда жеңил унаалар жабылган көпүрө менен эптеп өтүп кетишет",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.