Бүгүн, 29-февралда Голливуддагы "Долби" театрында "Оскар" сыйлыгынын 88-сыйлык тапшыруу аземи өттү. Бул иш-чара жыл сайын бирден-бир маанилүү окуя катары эсептелинип, ага ким эмне кийгени жана кызыл килемдин үстүндө ким менен ээрчишип басканы сынчылар жана журналисттер тарабынан катуу талкууга алынат.
Быйыл Леонардо Ди Каприо аземге апасы менен келгенине карабастан, килем үстүндө Кейт Уинслет менен басты. Ал эми Мэтт Деймон жана Сильвестр Сталлоне жубайлары менен фотокамераларга түшүштү.
Кызыл килем үстүнөн өтүү өзүнчө бир азем. Анда жылдыздардын кийимдери журналисттердин жана көптөгөн стилисттердин сынынан өтөт. Быйылкы жылдын мыкты көйнөктөрү деп Марго Робби, Шарлиз Терон, Сирша Ронандыкы табылса, кээ бир стилисттердин ою боюнча Леди Гаганын жана Руни Маранын көйнөктөрү начар болду.
"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземине келген жылдыздардын кийимдери назарыңыздарда.