ЭЛДИК КАБАР: Оштогу Бабур атындагы театрда Сапар Сопубеков менен Гүлжигит Сатыбеков биргеликте концерт берүүгө мажбур болушту

Оштогу Бабур атындагы театрда Сапар Сопубеков менен Гүлжигит Сатыбеков биргеликте концерт берүүгө мажбур болушту. Бул тууралуу окурман бүгүн, 29-февралда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Ош шаарындагы Бабур атындагы театрда бир убакка эки ырчынын концерттери коюлуп калган. Гүлжигит Сатыбековдун 25 билети, Сапар Сопубековдун билеттери алдын ала сатылганы кассадан айтылды. Эки тараптан ызы-чуу жаралып, күйөрмандар театрдын администрациясына нааразы болушту. Акырында эки жак макулдашып, биргеликте концерт коюуну чечишти. Билет сатып алган эки ырчынын күйөрмандары чогуу киришти. Сапар Сопубековго эл көп келгени байкалат, бирок концертти Гүлжигит Сатыбеков ырдап ачты",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Aitpaaim
2016-03-01 02:16:20
кандай эле Гулжигитке 25эле билет сатылсын ар бир концертинде эл толуп батпай калат элего
Сапарга барбасада афишасындагыларга барышса керек
120 бадирин бекер отурбай ушуларды переименовать этсе болмок
+1
Rifle_2
2016-03-01 06:22:27
Aitpaaim, 120 бадириң ким ?
Тынар койлорун таратып жибериптир, 120 бука байлаптыр эми, ар биритөртүнчүсү кунаажын экен.
+1
aydarov...
2016-03-01 03:59:46
Ошто мурун кыргыз жашабаган эн биринчилерден болуп озбек туугандар отурукташкан. Кийин шаар болгондо кыргыздар келе баштаган кобойуп. Этникалык озбектер коп ошондуктан озбек ысым коп.
-3
begai93
2016-03-01 06:00:17
Кызык, кантип эле Гулжигитке эл аз келсин?! Просто эл биринчи Сапардын эле концерти деп ошого кобуроогу алып алышса керек менимче....
0
bolotbai3
2016-03-01 07:42:28
Уят эле кыргыз драм турса да озбектердин драмында котолошуп талашып.Жогорку жактан бироо жарым барбы драмдын кандай иштеп жатканына коз сала турган.Асакенин катыны эч кимге бербе деген окшойт чагымда.Артисттер бири биринди эч коро албайсынар ээ.
0
merim
2016-03-01 07:43:19
Кайдагы Назира ал россия жергесинде Гастролдоп журотко.
0
hadidja83
2016-03-01 08:47:02
Чын эле неге Ошто баары озбектердин атында?же не Ош шаары Озбекстанга киреби?Ошка барсан Озбекистанга эле барып калгандай болосун.Баары озбекче суйлошот. Тез арада чара корулбосо болбойт.
+1
talant87
2016-03-01 09:20:52
мисалы Чынгыз Айтматов деген ат башка мамлекеттерде барго кочого сейил бак койулган
+1
KUMKA
2016-03-01 09:23:47
Сапардын билеттерин Мэриянын колдоосу менен деп мажбурлап саттырып атат мамлекеттик кызматкерлерге.Мага да бирди беришти мен барбайм деп акчасын толоп айрып салдым билетти.Эч кандай алдын ала сатылган жок сапардын билеттери.мажбурлап саттырышты,мен бул ырчыны мурда таанычу эмесмин билеттен кийин атын уктум.уят..
-2
tavanova.sarah
2016-03-01 11:28:55
Драмга концерт коюшса Г.Сатылгановадай болбойлу дешсе керек да. Асакеге тиши отуш учун, Самакандын алдынан отуш керек окшойт ))
-1
akzuura
2016-03-01 13:17:48
Сапардын ырдабаганына 10жыл болуп кеттиго эл унута баштады.
Гүлжигиттин бишкектеги концертине бардым күйөрман эмес болсомда ушунчалык эс алып чыктым соонун ырчы экеен
+1
zoro21
2016-03-01 14:34:59
Бир кунго эки ырчы,уят го))) ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2016-03-01 14:48:26
zoro21,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАН!
0
zoro21
2016-03-01 14:45:24
уят эле
0
AlbertEnshtein
2016-03-01 15:00:34
Аа хах. Костюм кантет))
0
Mars55
2016-03-01 16:19:19
Жоопгерчиликсиз адамдардын кесепетинен ушундай болуп калдыда .
0
ZANIA-92
2016-03-01 22:21:56
Сапарга Ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан