"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Сапар Сопубеков: "Бири-бирибизди түшүнүшкөнүбүз үчүн Гүлжигитке ыраазымын"

Кечээ, 29-февралда Ош шаарындагы Бабур атындагы театрдын администрациясынын катасынан улам Гүлжигит Сатыбеков менен Сапар Сопубековдун концерттери бир күнгө коюлуп калгандыгы тууралуу "Элдик кабар" рубрикасына окурман кабарлаган. Бүгүн, 1-мартта Сапар Сопубеков SUPER.KG порталына ырчылар арасында ызы-чуу болбогонун билдирди.

"Экөөбүздүн концертибиз бир убакка коюлуп калганын концертке аз калганда гана билдик. Экөөбүз тең маданият адамдарыбыз. Гүлжигитке ыраазымын, анткени экөөбүз макулдашып бир чечимге келдик: ал биринчи концертти коюп, андан соң мен коймой болгом. Гүлжигиттин концерти саат 19:30дарда, меники саат 22:00дөн өтүп башталып, түнкү саат 00:30 чамасында бүттү. Күйөрмандарыбыз кетип калбай, баары акырына чейин отуруп көрүштү",- дейт Сапар Сопубеков.

Сапар Сопубеков аталган театрдын администрациясына нааразы экенин да кошумчалады.

Ал эми Гүлжигит Сатыбековдун менеджери Таалай Чолпонкулов төмөнкүлөргө токтолду:

"Концертибизге 25 билет сатылды деген маалымат жалган. Билеттер жакшы сатылып, залдын ичи күйөрмандарга толду. Өзүбүздүн убагыбызда концертти коюп, сахнаны Сапар Сопубековго бошотуп бердик. Өткөн иш өттү, аны кайра жандандырып театрдын администрациясына чара көрбөйбүз",- дейт Чолпонкулов.

Бабур атындагы театрдын башчысынын орун басары Идрис Айтбаев эки ырчынын концерттери бир күнгө коюлуп калганы тууралуу ырчыларга айтылып, бирок ырчылар өз ара сүйлөшүп алышканын билдирди.

"Эки ырчынын концерттери бир убакытка коюлуп калган. Мен бул жумушка жаңы келгенде бир ырчынын концерти үчүн күн бөлгөм, бирок мага чейинки кызматкер да ал күндү экинчисине бөлүп койгон экен. Бул көйгөй тууралуу ырчыларга айтылган, экөөнүн тең концерттерин болтурбай коюуга болмок. Эки концерттин тең жарнамалары тарап кеткендиктен, ырчылар өз ара убакыттарын сүйлөшүп алып, концерттерин өткөрүшкөн",- деди Айтбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kylych_89
2016-03-01 16:18:26
Салам Урматтуу Супер инфо бизге Г С .Москвага келет деп жатышат 8 мартта чынбы жалганбы бир жообун озунон сурап билип бериниздерчи
+1
Mars55
2016-03-01 16:28:22
Администрация жооптуу болуш керек.
+2
Kylych_89
2016-03-01 16:32:48
Mars55,
Жоопко тартылыш керек деп айтсанызда туура болот
+1
AZIK01
2016-03-01 16:40:57
Гүлжигит бошотуп берсе болмок экен, катарынан коюп жаткан экен.
-1
karona12
2016-03-01 16:51:18
Афишаларга алдап эле жаза беришет Сапардыкында Назира Жетигенова жүрөт,ал Россияны кыдырып жүрсө каяктан барат.анан дагы Самарадан калган моданы токтотуш керек,10күндөп концерт койгонду башкалардыкын да көргүбүз келет.
+3
koionik
2016-03-01 18:20:13
Молодец Гулжигит байке ийгилик
0
Zolushka89
2016-03-01 22:33:28
Колдон Алайга чейин баргандай болуп калыптыр.коруучулордун жамбаштары талыды го.
+1
nazira...
2016-03-02 15:30:10
Сапар Оштун "Жаш Кыял" тобунун арман деген ырын ырдап алыптыр го. эмне Бахадыр Карабаев ага сатып жиберди бекен. Бахадыр озу эле ырдаса болмок.
0
BARSBEK.KG
2016-03-02 19:38:04
Гулжигит красавчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан