25-мартта Бишкек шаарындагы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда борбор шаардын жана Чүй, Ош облустарынын жаш пианиночулары арасында сынак башталат. Маалым болгондой, сынак 12,15 жана 20 жаштагы музыканттар арасында болуп, 3 баскычта өтөт. Анда катышуучулар классикалык соната, кыргыз жана орус пьесаларындагы композиторлордун музыкаларын, концерттик жанрдагы чыгармаларды аткарышат.