Жалал-Абад облусундагы Бек-Абад айылында эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 1-мартта кабарлады.
"Бүгүн саат 19:05 чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Бек-Абад айылында жол кырсыгы болду. Кызыл Тиконун айдоочусу мас абалда экен. Айдоочу жеңил, ал эми жанындагы жүргүнчү оор жаракат алды. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, ооруканага алып кетти. Ак Тиконун айдоочусу эч нерсе болгон эмес",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.