ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарынын Төлөйкөн айылында суу түтүктөрүн өткөрүү максатында көчөлөрдүн бири күзүндө казылып, дагы да көмүлө элек

Ош шаарынын Төлөйкөн айылында суу түтүктөрүн өткөрүү максатында көчөлөрдүн бири күзүндө казылып, дагы да көмүлө элек. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Айылыбыздын Чекир Базаров көчөсүндө жерди казып суу алып өтүшмөк болгон, бирок күздөн бери көмүлбөй турат, жеңил унаа араң өтөт. Ушул көйгөйдү чечип беришсе. Биз арызданбайбыз, болгону суранабыз!"- деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kakebrat
2016-03-02 02:57:57
Ким куноолу окмот окмот окмот 3 айдан бери Ош Араван каналы да тазалап буто алышпай журот жапалак айыл окмотундо суу жок ичкени же арыкта же (гранттарда)
+3
potriot.kg
2016-03-02 06:51:55
Уятта бишкектин жаны конуштары дагы деле сууну алыстан ташып ичишет. Жолдорду айтпай еле койойун. Уят уят Аша. Менен Сариев оздорун курсагын ойлосо болду
+1
edik.toloikon
2016-03-02 14:16:35
Төлөйкөндүн каеринде бул жер))
0
kopiko
2016-03-03 00:52:41
edik.toloikon,уосту билесинби ошол жер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан