"Ак илбирс" - Кыргыз Республикасынын аймагында жыл сайын өткөрүлүүчү кино жаатындагы улуттук сыйлык.
Быйылкы улуттук киносыйлыгына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды, ал 31-мартка чейин уланат. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фонду билдирди.
"Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы негизделип, кыргыз өлкөсүнүн аймагында кинематография тармагында мыкты жетишкендиктер үчүн 14 номинация боюнча берилип келген. Быйыл Борбор Азияны камтыган дагы 2 номинация менен толукталган.
Аталган сыйлыкты тапшыруу аземи 15-майда өткөрүлмөкчү.