Орусиянын Москва шаарында 1-марттан баштап Миграциялык федералдык кызматынын рейддери күчөтүлгөн түрдө өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Алар бардык жерлерди текшерүүгө алып жатышат. Кечээ, 2-мартта биздин батирди текшеришип, Орусиянын жарандыгын алган үчөөбүз гана калдык, калгандарын автобус менен алып кетишти. Мекендештерге кайрылабыз, сак болгула! Документтериңерди толук алып жүргүлө. Текшерүүлөр Москвада 4 жашар кыздын өлтүрүлгөнүнөн кийин күчөдү",- деп кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.