Нурмат Садыровдун ырлары эл ичинде хит болуп жаткандыгы үчүн кечээ, 2-мартта маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов ырчыны Ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу Нурмат Садыров SUPER.KG порталына билдирди.
"Тарых жана маданият жылына карата ырларым эл ичинде сүйүктүү ырлардан болуп жатканы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Максүтов Алтынбек Аскаровичтин өз колунан Ардак грамота алып, эмгегим бааланды. Бул мен үчүн дагы да алдыга умтулууга чоң түрткү болду. Өзүмдүн калемиме таандык тарыхта калчу көптөгөн обон, ырларды жазгым келет. Ардак грамотаны алганыма аябай сүйүнүп жатам",- дейт Нурмат Садыров.
Белгилей кетсек, ырчы өспүрүм кезинен эле көптөгөн сынактарга катышып келген. Алардын арасынан "Биз элдик таланттарды издейбиз", "Эл ырчысын эл тандайт", "Super star" сынактарында ийгиликтерди жараткан.