Кыргыз жергесиндеги музыкалык жамааттар 5-Эл аралык Красноярск фестивалына чакырылышты

Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөр арасында өтүүчү 5-Эл аралык Красноярск фестивалына катышууга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги музыкалык жамааттардан арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу аталган министрликтен бүгүн, 3-мартта билдиришти.

Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 23-29-июндарында Красноярск шаарында өтөт. Фестиваль катышуучу өлкөлөрдүн маданий, гуманитардык жана экономикалык байланыштарын өнүктүрүү, достукту чыңдоо жана элдердин бири-бирин түшүнүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Анда КМШ жана Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн профессионалдуу чыгармачыл жамааттары, улуттук, классикалык жана заманбап музыканын аткаруучулары катышышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан