Жылнаама, 11-март: Мындан 1910 жыл мурун кытайлык Хань династиясынын төрөсү Цай Лунь бамбуктан алгачкы кагазды жасаган

* Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы "Париж клубу" деп аталган дүйнөлүк кредиторлордун биримдиги Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын 124 миллион долларын кечкендиги туурасындагы маалыматты Каржы министрлигинин басма сөз кызматы тараткан. Мындан тышкары Париж клубу кыргыз өлкөсүнүн 431 миллион доллар өлчөмдөгү тышкы карызынын төлөнүшүн кийинкиге калтырган. Дүйнөлүк кредиторлор биримдигинин чечимине ылайык, коммерциялык насыянын 50 пайызы кыскартылып, калган 50 пайыз акчанын төлөнүш убактысы 23 жылга узартылган.

* Мындан 1910 жыл мурун, 106-жылы кытайлык Хань династиясынын төрөсү Цай Лунь бамбуктан алгачкы кагазды жасаган. Алгач кагазды бир нерсени ороо үчүн колдонушкан. Кийин жазууда, чайды ороодо колдонушса, ошондой эле андан даарат кагазын да жасай башташкан. Кийин Сунн династиясынын убагында кагаз акчалар чыгарыла баштаган.

* Мындан 38 жыл мурун, 1978-жылы англиялык "Челсинин" мурунку чабуулчусу жана Кот-д`Ивуардын улуттук курама командасынын мурунку капитаны, футболчу Дидье Дрогба Кот-д`Ивуардын Абиджан шаарында туулган. Ал өз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасынын тарыхындагы эн кыйын чабуулчу жана "Челсинин" тарыхындагы чет өлкөлүк оюнчулардан эң мыкты чабуулчу катары белгилүү. "Челси" үчүн киргизген голдору боюнча 4-орунда турат.

* Мындан 5 жыл мурун, 2011-жылы Япониянын чыгыш жээгинде күчү 8,5 баллга жеткен жер силкинүү болуп өткөн. Жер титирөөнүн очогу Мияги префектурасынан 130 чакырым алыстыкта орун алган. Зилзаланын натыйжасында толкуган океан суусу жээктеги шаарларды жууп кеткен. 11-марттагы цунаминин бийиктиги 10 метрге чейин жетип, миңдеген үй жана имараттарды талкалаган. Бул окуя "өлкөнүн тарыхындагы эң көп зыян алып келген" деп таанылган. Зилзаланын кесепетинен “Фукусима-1” атомдук электр станциясында жарылуу болгон. Андан улам радиациянын айлана-чөйрөгө таралышы чоң коркунуч туудуруп, бул аймакта жашаган калк башка жакка көчүрүлгөн. 11-мартта башталган жер титирөө, артынан келген цунами 16 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кеткен.

11-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан