Чет элден жырткыч балыктарды алып келип Ысык-Көлдө багууга бөгөт коюу сунушталууда

ЖКдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин 25-марттагы жыйынында "Балык чарбасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Долбоордун демилгечиси, депутат Максат Сабировдун айтымында, Ысык-Көлдө жырткыч балыктардын өстүрүлүшү менен көлдүн өзүнүн балыктары жок болуп кетүү коркунучу турат. Ошондуктан чет жерден алынып келинген жырткыч балыктардын түрлөрүн өстүрүү ишине тыюу салуу сунушталган. Соңунда сунуш-пикирлерди эске алуу менен, долбоорду ЖКнын кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан