SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүндөгү комедиялык жанрдагы тасмалардын бири Рысбек Жабировдун - "Түндүктүк келин" тасмасы. Башкы каармандардын образдарын Рахман Разыков, Гүлшайыр Садыбакасова, Асел Турдалиева, Акмаанай Эшбаева, Болотбек Тилек, Рахат Аксултановалар жаратышкан.
Тасмада роль жараткандардын бири, Кыргыз Эл артисти, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси
Гүлшайыр Садыбакасова: "Тасмада мээримдүү, үлгүлүү кайнененин ролун ойнодум. Өзүмдүн апам кинодогудай кайнене эле, мен апамдын ролун ойнодум десем болот. "Кыз-Бурактын" кыздарын тарбиялоодо деле кинодогудай ыкманы колдонуп коём. Жалал-Абаддын эли аябай меймандос келишет экен, бизди профессионал актрисалардай кабыл алышып, бирөөсү айранын, экинчиси каймагын көтөрүп келет, айтор, аябай сыйлашты",- деп билдирген
бизге берген маектеринин биринде.
Тасмада өлкөнүн ичиндеги салт-санаалардын айырмачылыктары, аларды жаш келиндин жеңип чыгуусу тууралуу баяндалат.
Тасманы толугу менен бул жерден көрсөӊүз болот.