"Акындардын падышасы - Ош" Эл аралык төкмө акындар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош улуттук драма театрында Нооруз майрамына карата 19-21-март аралыгында өткөн "Акындардын падышасы - Ош" төкмө акындар фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Фестивалга Казакстандан, Кытай Эл Республикасынан жана Кыргыз Республикасынан 8 төкмө акын катышты. Бул фестивалдын режиссёру - СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев. Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана катышуучулар сыйланышты.

"Ошто элдик жана эпостордогу баатырлардын элесин чагылдырган төкмө акындарга өзгөчө сый-урмат көргөзүлүп келген. Акындардын бул таймашы жыл сайын акындардын чеберчиликтери өсүп жатканынан кабар берет. Ар бир көрүүчү жакшы маанай ала алды",- дейт Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов.

Төкмө акындар таймашында 1-орунду Кыргыз Республикасынын атынан чыккан Шекербек Адылов, 2-орунду Баян Акматов, 3-орунду Самара Каримова жана казакстандык Айдана Кайсарбек кызы алышты.

Таймаш өлкөбүздөгү Маданият жана тарых жылынын алкагында аталган шаардын мэриясы тарабынан уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aselka
2016-03-22 12:34:52
Мынчалык денгелде томон уюштурганын билсек бармак эмеспиз, аты бар сапаты жок фестивал болду.
+1
Мэри
2016-03-22 13:26:02
Калпактын үстүнөн чалма чалып алганы кандай? Ушинтип кийишчү бекен кыргыздар... Бир нерсени эле ойлоп таба беришет да...
0
Azahan
2016-03-22 13:39:57
Буларын озбекко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан