Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, майрамдык салтанатта жергиликтүү мекемелер жана ишканалар улуттук
тамак-аштардын көргөзмөсүн уюштурушту. Ар бир столго 60ка жакын улуттук даамдар коюлду.
"Район акими М.Айдаралиев жалпы кыргыз элин жана Аксы элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал райондун тургундарын ынтымакка, кечиримдүүлүккө жана айкөлдүккө чакырды. Майрамдын урматына Аксы райондук администрациясынын демилгеси менен көк бөрү, күрөш оюндары өткөрүлдү. Элдин маанайы жакшы болду. Майрам жогорку деңгээлде өттү. Байге фонду 100 миң сомго барабар",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.