Түштүк Кореядагы кыргыз жарандары Нооруз майрамын белгилешти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, майрамдык иш-чара Ыйжонгбу шаарында өтүп, ага КРнын Түштүк Кореядагы элчиси, демөөрчүлөр жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.
“Нооруз майрамын быйыл биринчи жолу жогорку деңгээлде өткөрдүк, анткени Түштүк Кореянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыздар өз ара спорттук таймаштарда күч сынашты. Тушоо кесүү жөрөлгөсү өткөрүлдү, улуттук оюндар жана футбол ойнолду. Ал эми иш-чаранын аягында атайын лотерея ойнотулуп, анын башкы байгеси жеңил унаа болду. Салтанатка келген коноктордун баары абдан жакшы маанайда болушту”,- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.