Баткендеги чек арага жакын айылдарда кошумча милиция бөлүмдөрү ачылат

Бүгүн, 26-мартта Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев Баткен облусунда иш сапары менен болду. Анда Жусубалиев Марказ жана Караван айылдарындагы милиция бөлүмдөрүнүн иши менен таанышып чыкты. Ошондой эле облус жетекчиси Жеӊиш Разаков менен да жолугушуу өткөрүп, анда облустагы чек арага чектеш айылдардын абалы талкууланды. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзбекстан менен чектеш айылдарга жакын арада кошумча милиция бөлүмдөрү ачыла турганы белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан