Бүгүн, 22-мартта Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында 300гө жакын адам митингге чыкты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, алар кыргыз-өзбек чек арасы маселесин чечип берүүнү бийликтен талап кылышууда. "Премьер-министр Темир Сариев чыгып, алар менен жолугушуу өткөрүп жатат. Ал суу, чек ара, жол маселелерин чечүүгө убада берди",- дейт окурман.
Мындан тышкары митингде мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров да катышып, элди сабырдуу болууга чакырганын билдирет окурман.
Айта кетсек, бүгүн өкмөт башчы Т.Сариев Аксы районунун тургундары менен жолугушуусунда: "Айрым жалган патриоттор бул кырдаалды өздөрүнүн жеке максаттарына пайдаланууну, элди дүрбөтүүнү көздөөдө. Бирок түшүнүшүбүз керек, мындай жол менен чек ара маселеси чечилбейт",- деген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.