SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү өзгөчө клиптердин бири - Айпери Кубик кызынын "Агым" ырынын клиби. Клип 2014-жылы тартылган, режиссёру – Кубат Шамшиев. Башкы каармандардын образдарын Айпери Кубик кызы, Максат Орозумбетов жаратышкан. Кан соргучтун образын жаратып, клип тартуу жаатында жаңычылдык жараткан ырчы: "Кан соргучпу, ким болсоң да, кечирилгис ката кетирсең да, сени сүйгөн адам баарына чыдайт жана сенин жаныңда болот деген ойду жеткирейин дегем. Менин оюмча, ойлогон оюм ишке ашты",- деген бизге берген маектеринин биринде.
Клипти толугу менен бул жерден көрүүгө болот.