Мындан 51 жыл мурун, 1965-жылы 25-мартта "Чоң шаардагы секс" ("Секс в большом городе") телесериалындагы журналист айым Кэрри Брэдшонун ролун жаратып популярдуу болгон америкалык актриса Сара Жессика Паркер Огайодо (АКШ) туулуп, 7 бир тууганы менен ынтымактуу үй-бүлөдө тарбияланган. Ал кичинекейинен эле актриса болууну самаган. Голливуд Сараны тааный электе ал чакан телесериалдарга, жарнамалык түрмөктөгө тартылып жүргөн.
"Чоң шаардагы секс" сериалындагы ролу үчүн Сара Жессика Паркер төрт жолу "Алтын глобус" жана эки жолу "Эмми" сыйлыгын алган. Бул тасмага чейин 1990-жылдары актриса "Биринчи жубайлар клубу" ("Клуб первых жён"), "Акыркы чаралар" ("Крайние меры") тасмаларына катышкан.
2009-жылдын ноябрь айында Сара Жессика Паркер АКШнын президентинин маданият, искусство жана гуманизм маселелери боюнча кеңешчилеринин мүчөсү болгон.
25-марттын жылнаамасы.