ЖЫЛНААМА, 28-МАРТ: Бүгүн ырчы Актан Исабаев туулган күнүн үй-бүлөсү менен тосот

Бүгүн, 28-мартта белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев 44 жашка толду. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап, туулган күнүн кандай майрамдап жатканын билүү үчүн байланышка чыктык.

"Бүгүн мен үчүн кадимкидей эле жумуш күн. Таӊ эртеден бери телефон чалышып, почтама куттуктоолор келип жатат. Быйыл мага өзгөчө көӊүл бурулуп жатабы, билбейм, телеканалдардын биринен да куттукташты. Алардын катарында силер да барсыӊар. Албетте, бул нерсе адамды кубандырат. Жакшы каалоо-тилектериӊиздер үчүн сиздерге чоӊ рахмат!
Убакыттын өтүшү менен үй-бүлөӊ менен эле тынч майрамдаганды самап калат экенсиӊ. Бул жолу да жакын адамдарымдын, үй-бүлөмдүн курчоосунда туулган күнүмдү белгилеп коёбуз",- деп билдирди.

28-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Eli75
2016-03-28 21:14:29
Актан,туулган кунунуз менен, Жараткан сизге жана уй-булонузго жакшылыгын берекелуу берсин. Жолдошум экообуздун атыбыздан терен ыраазычылыгыбызды кабыл алып коюнуз,анткени откондо сиз менен бир автосалондо жолугушуп, жердешибиз Актан Исабаевсизби дегенден тартынып сурай албай койдук.Сиздин кенешиниз менен биз айткан багытыныз боюнча бардык,рахмат. Сизден Аллахым ыраазы болсун.
0
Eli75
2016-03-28 21:15:41
Автор,сизден сураныч ушул катымды жеткирип койсонуз,сизге да алдын ала рахмат.
0
senchi
2016-03-29 03:14:33
Туулган кунунуз кут болсун!!! Сиздин ырларыныз менен чонойдум, жаны ырларды кутобуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан