Мындан 10 жыл мурун, 2006-жылдын 28-мартында "Супер-Инфо" гезитинин расмий сайты ишке кирген. www.super.kg порталынын жаралуу тарыхы 2005-жылдарга барып такалат.
Порталдын жаратуучусу, "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов окурмандар менен байланышты жакшыртуу, кыргызстандыктарды гана эмес, чет жерде жүргөн мекендештерибизди да өлкөбүздөгү жаңылыктар, кызыктуу маалыматтар менен кабардар кылууну көздөгөн. Кыргызча сайт ачууну максат кылып, бул оюн бир жылдан ашык убакыттан кийин, 2006-жылдын 28-мартында ишке ашырган.
28-марттын жылнаамасы.